• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Касым-Жомарт Токаев 14 облустун акимдерин кызматтан алды

12 Кулжа 2019 17:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан, Алматы, Шымкент жана 14 облустун акимдерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, мамлекет башындагы жооптуу кызматкерлерди отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу мамлекеттеги кесиптештерине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Казакстандын Конституциясынын 87-беренесинин 5-пунктуна ылайык, жаңы президент ишке киришкенден кийин жогорку кызматтагылар ээлеген ордунан бошотулат. Алар жаңысы дайындалганга чейин милдетин убактылуу аткарып турат.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы бүгүн, 12-июнда өтүп, расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Ал 10-июнда ЖМКнын өкүлдөрү менен болгон брифинг учурунда өкмөт отставкага кетпей турганын айткан. Бирок кадрдык алмашуулар болорун белгилеген эле.


Количество просмотров: 20