• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Касымалиева: Атамбаевдин доо арызын кайтарып алганы бул ишке чекит койгон жок

8 Бугу 2019 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Аида Касымалиева Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго берген 50 млн. сомдук доо арызын кайтарып алганы бул ишке чекит койгон жок деп билдирди.

Эске салсак, 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн.

Көп өтпөй, 7-май күнү ишкер журналистке берген доо арызын кайтарып алганы маалым болгон.


Количество просмотров: 14