• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Касымалиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча пикирин айтты

8 Баш оона 20192:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча пикирин айтып, Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди кармоо иши мыйзам чегинде ишке ашуусу керектигин айтты.

«Кандай болгон күндө да карапайым эл жабыр тартпашына эки тарап тең жол бербеши керек! Кыргызстан кичинекей өлкө. Мыйзамды сыйлаган өлкө катары дүйнөгө белгилүү. Биз кийинки муундар үчүн, жаркын келечегибиз үчүн, баардык иш- аракеттер мыйзам чегинде болуусун көзөмөлдөөгө тийишпиз жана милдеттүүбүз. Айрым депутаттар менен сүйлөшүп, эртең Жогорку Кеңешке келебиз деп чечти. Бирок Жогорку Кеңештин Регламентинин 77-берене, 3-пункту боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат.
40тан кем эмес депутат кол коюшу керек. Өлкөнүн тынчтыгы, биримдиги үчүн курман болгон баланын жакын туугандарына кайгыруу менен көңүл айтам.! Чырпыктай жаш өмүр кыйылганы үчүн ок чыгарган тарап сөзсүз түрдө жазасын алышы керек»,-деп жазган өз билдирүүсүндө ал.

Количество просмотров: 18