Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева коомдук транспортто жүргөн сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланды.
Жарыяланган сүрөт социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, айрымдары депутат Камчыбек Жолдошбаевдин «Коомдук траспортто жүргөн айрым кесиптештерин көрүп уялам» деген сөзүн эскерип өтүштү.
Кошумчалай кетсек, Аида Касымалиева 2017-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп дайындалып, бир жылдан соң төраганын орун басары болгон.
