• Дүйшөмбү 8 Теке 2024
  • Понедельник 8 Июль 2024

Ката менен басылган аттестаттар. Министрлик комиссия түздү

5 Теке 2024 16:35 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн билим берүү документтеринде техникалык каталар кетирилгендигин, кайрадан басылып чыгып, аттестат/күбөлүктөрдү убагында ээлерине берилгендигин билдирет. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, чет өлкөгө окууга кетип жаткан бүтүрүүчүлөргө биринчи кезекте билими тууралуу документтер берилген, ошентип окууга өз убагында кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Быйыл биринчи жолу кагаз түрүндөгү документтер менен катар мектептеги билим берүү жөнүндө документтердин электрондук варианттары бирге даярдалгандыктан, техникалык мүчүлүштүктөн улам басып чыгарууда көйгөйлөр жаралган.

Документтерди даярдоодогу көйгөйлөрдү иликтеген көз карандысыз комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 210