• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Катачылык кетирсеңиз ачык сынга алам». Жапаровго кудасы кайрылды

26 Үчтүн айы 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

Сынды душмандык эмес, достун күйүп айтканы катары кабыл алыңыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирип, президент Жапаровго кайрылуу жасады.

Ал азыркы күндө Жапаровду жандап, кошомат кылган адамдарга кылдат мамиле кылууга чакырды.

«Сизге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Башкаруу системасына ылайык президенттин милдеттери чоң. Саясатыңызды иш жүзүнө ашырууда, кадр тандоодо өтө кылдат мамиле кылууңуз керектигин айткым келет. Азыркы күндө сизди жандап, кошомат кылган адамдарга кылдат мамиле кылууга чакырам. Буга чейинки башчыларды сазга батыргандар сиздин жаныңызда айланчыктап жүргөнүн коомчулук талкуу кылып жатат. Бул сынды думшмандык эмес, достун күйүп айтканы катары кабыл алыңыз. Сиздин жүргүзүп жаткан реформаңызды колдойм. Катачылык кетирсеңиз ачык сынга алам», — дейт Акылбек Түмөнбаев.

Белгилей кетсек, Акылбек Түмөнбаев  Ысык-Көл облусундагы №35 Ак-Суу округунан шайланган. Айрым маалыматтарга караганда, Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Количество просмотров: 4136