Бишкек.06.03.2019.Govori.TV.
Кыргызстанда сабаттуулук кандай деңгээлге түшкөнүн бир аптанын ичинде өкүнүчтүү окуялар көрсөтүп койду.
Биринчи Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков каталардын “тушоосун кести”. Спикердин премьер-министрге жолдогон катында одоно каталар кеткен.
Бирок, Жогорку Кенештин маалымат кызматы спикердин Өкмөт башчыга жазган каты жардамчы тарабынан даярдалып, факсимиле коюлганын маалымдады. Тез эле факсимиле расмий каттарга коюлбай тургандыгы такталды.
Катагейтти юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиев улантты. Ал жаранга жөнөткөн расмий катында 7 орфографиялык ката кетирген.
Ага удаа “Курман ыраазы болсун” деп сүйлөп алган Азиз Суракматов баш болгон мэрия 8-март күнү менен аялзатты ката менен куттуктады.
Катагейтке ырчы Нурлан Насип дагы илинип, фейсбук баракчасына Кыргызстандын желегин жайгаштырып, бир сүйлөмдү ката менен жазган.
2015 жылы Дүйнөдөгү мамлекеттердин билим деңгээли боюнча рейтингинде Кыргызстан 188 өлкөлөрдүн арасында 65 орунда турган. Алдыңкы орундарды Өзбекстан менен Казакстанга алдырган. Азыр ушундай рейтинг өткөрө турган болсо биздин өлкө кайсы орунга жылып кетет деген ой жаралат.