Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Португалия менен Гананын курама командалары беттеш өткөрдү. Командалардын оюну 3:2 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады.
Оюндун экинчи бөлүгүнүн 65-мүнөтүндө Гананын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленди. Аны Португалиянын капитаны Криштиану Роналду ишке ашырып, эсепти ачты. Бирок көпкө өтпөй ганалык оюнчу Айю эсепти 1:1ге өзгөрттү.
Оюндун 78 жана 80-мүнөтүндө Феликс жана Леао Португалиянын командасына эки гол алып келди. Эсеп 3:1. Беттештин соңку убактысында, 89-мүнөтүндө Гананын футболчусу Букари атаандашынын дарбазасына гол киргизгенге жетишти.