• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Катар эмири: Туризмди биргелешип өнүктүрүү боюнча сунуштар биз тараптан кылдат каралат

7 Кулжа 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын гидроэнергетикага инвестиция салуу жана туризмди биргелешип өнүктүрүү боюнча сунуштары биз тараптан кылдат каралат. Бул тууралуу Бишкекте мамлекеттик сапар менен жүргөн Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кеңейтилген курамдагы жолугушуу учурунда билдирди.

Катардын эмири Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатка барганыңызда экономика боюнча кызыктуу сунуштарды айтканыңызды өзгөчө белгилегим келет. Биз мындан ары да мамилелерди чыңдай турганыбызга жана өкмөттөр деңгээлинде бизди кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара кызматташа аларбызга терең ишенем. Ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана өлкөлөрүбүздүн туристтик потенциалын биргелешип өнүктүрүү боюнча берилген сунуштарыңызды баса белгилегим келет. Бул демилгелерди биз кылдат карап чыгабыз”, — деди ал.

Количество просмотров: 59