• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Катасыз күбөлүк, аттестат жана дипломдор. Үлгүлөр коомдук талкууга коюлат

3 Бештин айы 2019 14:39 Бишкек Govori.TV


Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларынын билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин үлгүсүн иштеп чыгып, аны коомчулуктун назарына сунуштайт.


Мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү
болтурбоо үчүн 20 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирген.


Жумушчу топ тиешелүү документтер боюнча өз сунуш пикирлерин иштеп чыгып, 16-декабрга чейин күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсүн сунушташат. Документтер комиссиянын жалпы жыйынында
жактырылгандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланат.


Үлгүлөр эки апта коомчулуктун назарында болуп, алардан түшкөн сунуш-пикирлерин эске алуу менен басып чыгарууга уруксат берилет.

Количество просмотров: 104