• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Катуу шамал: Бишкекте үч киши жабыркады

9 Кулжа 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 8-июнда кечинде болгон катуу шамалдын кесепетинен 3 адам жаракат алды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар баш мээсинен жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда алардын абалы туруктуу.

Ошондой эле катуу шамал Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Торпок айылынын мектебинин чатырын учуруп кетти. Бишкектин бир нече көчөлөрүндө дарактар кулап, бири автоунааны басып калган.

Количество просмотров: 647