Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөөрүн эскертет.
Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.