• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Кайгуул милициясын сүзгөн айдоочу камалды

18 Бештин айы 2017 10:19 Бишкек Govori.TV

17-декабрь 2017-жылы болжол менен саат 15.00 чамасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан Түштүк дарбазасына кире беришинде жол-коопсуздугу боюнча кызматтык милдетин аткарып, Бишкек шаарынын ЖКККБнын кенже тескөөчүсү милициянын кенже сержанты терезелери караңгылатылган маркасы “Лексус LX-470” автоунаасын токтоткон кезде унаанын айдоочусу атайын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ошол эле кезде Перехват иш мерчеми киргизилген. Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринин натыйжасында изин суутпай Бишкек шаарынын тургуну 1998-жылы туулган И. А. аттуу жаран автоунаасы менен кармалып, унаасы атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, чогултулган иш кагаздар айдоочу менен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш жаза кодексинин 341-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя болгон жерге тез жардам чакыртылып кенже тескөөчү Бишкек шаарынын №4 ооруканасына жаткырылды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 5