• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Каза болгон жоокердин туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагууда

4 Теке 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Кой-Ташта аскердик бөлүктө каза болгон жоокердин жакындары ал эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну гана суранып турганын, ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес экендиктерин айтышууда.

Өзүн маркумдун таежеси деп тааныштырган Индира Рысалиева 4-июлга караган түнү саат 12лерде бала апасы менен телефон аркылуу «жакшынакай сүйлөшкөнүн» айтат.

«Мен коркуп кире алган жокмун. Инилерим кирди. Ээгинде бир октун жана чекесинде бир октун изи бар экен дешти. Башында артынан чыккан октор бар экен, төбөсүнөн жана капталыраак жеринен. Демек, эки ок ошого эле тийген. Эки гильза жөн жаткан жок да ал жерде. Кокустуктан ок чыгарып алган деп жатышыптыр. Бир атса, мейли, ишенесиң. А экинчи жолу атты дегенге кантип ишенесиң? Мен ишенбейм», — деди ал.

Факт катталганын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, «№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган» деп билдирди.

Количество просмотров: 524