Бишкек. 21.08.2019.Govori.TV.
Төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан XIII эл аралык айтыш сынагында казак акындары менен күч сынаша турган кыргыз төкмөлөрү тандалды. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондусу билдирди.
«Жалпысынан тандоо туруна 46 төкмө акын катышып, алардын ичинен Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев, Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков жана Шайлообек Отунчиев айтышка катышат»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, айтыш 30-31-август күндөрү филармонияда өтүп, байгеге 2 миллион сом коюлган.