• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казак президенти Токаевдин Тажикстанга эмнеге барары белгилүү болду

4 Бугу 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

19-20-май күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барат. Бул туурасында Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, сапар учурунда эки мамлекеттин башчылары тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат.

«Күн тартибине саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык өз ара кызматташууну арттырууга басым жасап, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө маселелери киргизилген», — деп жазган Берик Уали.

Количество просмотров: 21201