• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казак ырчысы Турлыханов аялын экинчи жолу сабаганы үчүн соттон эскертүү алды

10 Үчтүн айы 2024 9:13 Бишкек Govori.TV

Алматы шаарынын административдик укук бузуулар боюнча райондор аралык соту жубайын ур-токмокко алуу фактысы боюнча ырчы Рахат Турлыхановго эскертүү берди. Бул тууралуу «Информбюро» басылмасы аталган соттун басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Иштин материалдарына ылайык, Турлыханов өткөн жылы декабрда үйүндө жаңжал чыгарып, аялын сабаган. Басылманын маалыматына караганда, сотто ырчы күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнүп жатканын билдирип, тараптардын элдешкенине байланыштуу ишти токтотууну өтүнгөн.

«Аялы иштин материалдарында көрсөтүлгөн фактыларды ырастап, күйөөсү менен элдешкенин билдирди. Соттун токтому менен Турлыханов административдик укук бузууга күнөөлүү деп табылып, ага эскертүү берилди», – деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Азырынча соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, Турлыхановго өткөн жылы октябрда да аялына кол көтөргөнү үчүн иш ачылып, бирок тараптардын элдешкенине байланыштуу токтотулган.

Рахат Турлыханов мажилис депутаты Даулат Турлыхановдун иниси. Бул депутаттын жакындарынын катышуусундагы зомбулукка байланышкан алгачкы окуя эмес.

2023-жылы октябрда Турлыхановдун уулу Нурасыл Болатка Алматыда юрист Анна Чернова менен анын күйөөсү Олег Черновду сабаганы үчүн айып пул салынган. Интернетке жарыяланган видеодо Болат жубайларды сөгүп, сабап жатканы тартылган.

Ошол эле жылы сентябрда социалдык түйүндөргө Турлыхановдун экинчи уулу көчөдө бир кызды түртүп жиберип, ал асфальтка жыгылганы тартылган видео тараган. Анда бул видеого комментарий берген Турлыханов окуяны «үй-бүлөсүнө жасалган кезекстеги маалыматтык чабуул» деп атаган.

Количество просмотров: 160