• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Казакбаев: Бажы чоң чатактын башы болгону турат…

4 Чын куран 201912:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна шек келип жатканын айтты.

«Кечээ Казакстандын каналдары биздин депутаттын сотун, чек ара маселесин да көрсөтүп, Кыргызстанга аткезчилик товарлардын бардыгы Кытай аркылуу өтүп жатат дешти. Кыргызстандагы бажынын иштеши боюнча күмөн жаралууда. Бажы чоң чатактын башы болгону турат. Бул боюнча мен өкмөт башчыга да кайрылдым эле. Керек болсо Коопсуздук кеңешинин башчысынын алдында биздин бажыны УКМК, Башкы прокуратура кошулуп комплекстүү текшериши керек. ЕЭАБге мүчө өнөктөштөрүбүз ушул эле маселени коюп жатат», — деди депутат.


Количество просмотров: 23