Инвестиция тартууда Кыргыз Өкмөтүнүн ишинде баш аламандык бар. Жогорку Кеңештин Эл аралык комитети чет мамлекеттердеги элчилерди, консулдуктарды туура колдонуу менен инвестиция тартуу боюнча ар дайым кайрылуу кылат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер саатында депутат Руслан Казакбаев айтты.
Ал чет жакка барып Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо оңой жумуш эмес экенин жана сыртка күчтүү кадрларды жиберүү керектигин белгиледи.
«Евразиялык экономикалык комиссия 19-ноябрда өткөн жыйына Кыргызстандын атынан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министринин орун басары Элдар Абакиров катышкан. Ал жыйында Кыргызстандын 3 маселеси каралмак. Биринчиси, үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн канааттандырган жок. Натыйжада 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автоунаалардын бажы төлөмдөрү кымбаттайт. Дагы эки маселени кийнкиге жылдырып койду. Ал эми башка мамлекеттердин көтөргөн бардык маселеси талкууланды. Бул биздин мамлекеттеги кадрлардын алсыздыгы», – деп сынга алды Руслан Казакбаев.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.