• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан пияз жүктөлгөн 23 фураны Орусиянын аймагына өткөргөн жок

3 Бирдин айы 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

Казакстан Орусиянын аймагына пияз жүктөлгөн 23 фуранын өтүүсүнө уруксат берген жок. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.

Маалыматка караганда, жүк унаалары Чымкент шаары, Жамбыл жана Түркстан облустарынан чыгып, Батыш Казакстан облусу аркылуу Орусияга өтүүгө аракет кылган маалда токтотулган.

Буга чейин кескин суук аба ырайына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндө көптөгөн жашылча-жемиштер, анын ичинде пияз үшүп кеткени, базар баалары жогорулап, айрымдарынын тартыштыгы жаралганы кабарланган. Мындан улам Казакстан 28-январдан тарта пияз экспортуна үч айга тыюу салган.

Дээрлик эки апта мурда Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги да пияз экспортуна төрт айга чектөө киргизилгенин билдирген.

Количество просмотров: 229