• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин келди

8 Баш оона 201920:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.08.2019. Govori.TV

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Аскар Маминди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Количество просмотров: 13