• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Казакстан: Учак кырсыгынан каза болгондордун саны 12ге жетти

27 Бештин айы 201911:19 Бишкек Govori.TV

Казакстанда кырсыкка учураган учактын кесепетинен каза болгондордун саны 12ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК жазып чыкты.

Эске салсак, бүгүн «Bek Air» авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султанга учуп бара жатып жерге кулап түшкөн. Анда 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгону кабарланган.

Маалыматка таянсак, учак 2 кабаттуу курулуштун үстүнө кулап түшкөн.

Жабырлануучуларды куткаруу иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 104