• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда 10 жылга соттолгон экс-депутаттын өкүмү өзгөрүүсүз калды

17 Үчтүн айы 2024 17:23 Бишкек Govori.TV

Казакстанда апелляциялык коллегия парламенттин 10 жылга сотттолгон мурдагы депутаты, каттоодон өтпөгөн «Эл тиреги» партиясынын төрагасы Нуржан Алтаевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Экс-депутаттын апелляциялык арызы жабык жыйында каралып, камактагы Алтаев ага онлайн катыштырылды.

Саясатчынын адвокаты Гүлшат Дүйсенова соттун бул чечими боюнча кассациялык арыз жазышарын билдирди.

Алтаев өткөн жылдын июнь айынан бери тергөө абагында отурат. Анын иши боюнча сот октябрдын аягында башталып, «күбөлөрдү коргоо максатында» отурумдар жабык өткөн.

21-ноябрда кылмыш иштери боюнча райондор аралык сот Нуржан Алтаевди 10 жылга эркинен ажыратып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салган. Мындан тышкары ал мамлекеттин пайдасына 50 миллион 116 миң теңге төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Алтаевге эмгек министринин орун басары болуп турганда пара алган деген айып тагылган. Сотто экс-депутат бул айыптоону четке кагып, ал бийликти сындаганы үчүн куугунтукталып жатканын айткан.

Алтаев апелляциялык арызында тергөө иштери толук жүрбөгөнүн белгилеп, буга чейинки соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну өтүнгөн. Мындан тышкары ал министрликте иштеп турганда пара алганы боюнча тергөөнүн маалыматы жаңылыш экенин жазган.

45 жаштагы Нуржан Алтаев бийликтеги «Нур-Отан» (кийин аталышы «Аманат» деп өзгөртүлгөн) партиясынан парламент мажилисинин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 2018-2019-жылдары эмгек жана социалдык коргоо министринин, 2017-2018-жылдары айыл чарба министринин орун басары кызматтарында иштеген. Ага чейин үч жылга жакын «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын төрага орун басары болгон.

2020-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо ал «Нур-Отандын» талапкерлер тизмесине кирбей калган. Алтаев оппозициялык партия түзүү ниетин билдиргенден кийин «Нур Отан» партиясынан чыгарылган. Кийин ал бийликти партиясын каттоого бут тосуп жатат деп айыптаган.

Количество просмотров: 76