• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Казакстанда 2 жаш баланы кар басып, бири каза болду

3 Бирдин айы 202011:18 Бишкек Govori.TV

Чыгыш Казакстандын аймагында 2 жаш баланы кар басып, бири каза болду. Окуя кечээ, 2-февралда болгонун «Polisia.kz» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, 4 бала деңиздин жээгинде ойноп жатканда 2 баланы кар басып калган. Алар 2004-жылы туулган баланы өз алдынча куткарып, андан кийин жардам чакыруу үчүн жөнөп кетишкен.

2006-жылы төрөлгөн өспүрүмдү куткарууга кинологдор, полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү жашоочулар тартылган. Кар күрткүсү тазаланып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Курмаш Даировдун айтымында, кар абдан көп жааган. Издөө иштеринин жүрүшүндө кинологдордун ити өспүрүм жаткан жерди аныктаган. Бирок аны куткарууга кеч болуп калган, маркум баланын денесин 4 метр тереңден алып чыгышты.

Количество просмотров: 111