Казакстандагы кырсыктан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-август күнү саат 06:40та Батыш Кытай — Батыш Европа унаа жолунун 601-чакырымында Түлкүбас районунун Шапак-Баба айылына кире бериште автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен.
Кырсыктан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын 4 жараны бар, алар ар кандай жаракаттар менен Түлкүбас районунун Т.Рыскулов айылынын борбордук райондук ооруканасына жаткырылган:
1. А.З.А., 1978-жылы туулган;
2. Т.у.Т, 1989-жылы туулган;
3. Э.С., 1985-жылы туулган.;
4. М.Б.Т., 1997-жылы туулган.
«Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул окуя Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен каттоого алынган»,-деп айтылат маалыматта.