• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Казакстанда «Демпартия» өкүлү 15 суткага камалды

17 Аяк оона 2021 19:03 Бишкек Govori.TV

Каттоодон өтпөгөн «Казакстандын демократиялык партиясынын» митинги алдында уюмдун активисти Ырысбек Токтасын 15 суткага камалды. Бул тууралуу укук коргоочу, активист Инга Иманбай кабарлады.

«Ырысбек Токтасынды кечээ түндө үйүнөн алып кетип, түнкү саат экиде сот өткөрүп, 15 суткага камап салышты», — деди Инга Иманбай.

Сот чечиминде Ырысбек Токтасын «Фейсбук» баракчасында 18-сентябрда митингге чакырганы үчүн «тынч жыйын өткөрүү тартибин» бузуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганы жазылган. Сотко WhatsApp мессенжери аркылуу катышкан Токтасын «айыпты мойнуна алып, өзүн катуу жазалабоону суранган».

Буга чейин «Демпартия» өкүлдөрү ишемби күнү тилди колдоо тууралуу митинг өткөрөрүн соцтармактар аркылуу жарыялаган.

Количество просмотров: 146