• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казакстанда күйөөсүн өлтүрүүгө айыпталган көп балалуу аял камакка алынды

19 Чын куран 2024 16:17 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Түркстан облусундагы Сайрам райондук соту күйөөсүн өлтүрүүгө айыпталып жаткан 49 жаштагы жергиликтүү тургундун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Маалыматка караганда, окуя 12-апрелде болгон. 30 жылдан бери бирге жашап келген жубайлардын төрт баласы бар.

«Атам арак ичип, апамды сабачу. Көп жолу үйдөн качып чыгып, көчөдө түнөгөнбүз. Апамдын күнөөсү жок», – деген камакка алынган аялдын улуу баласы.

Үй-бүлө жашаган Карамурт айылынын участкалык полиция кызматкери маркум арак ичип, үй-бүлөдө уруш-талаш көп болгонун, 2019-жылы аялы полициянын «кайтаруусуна» алынганын билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдан бери аял күйөөсүнө даттанган эмес.

Полиция бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки тергөө иштери башталганын кабарлады.

Былтыр Түркстан облусунун Сарыагаш районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген дагы бир аял кармалган. Иштин материалдарына ылайык, ал зордук-зомбулуктан тажап, 14 жыл чогуу жашаган күйөөсүн өлтүргөн. Кылмыш иштери боюнча атайын сот аялды күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратылган. Анын 18 жашка чыга элек балдары мамлекеттин камкордугуна алынган.

Количество просмотров: 99