• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда кармалган депутаттын туулган жылы, аты, фамилиясынан бери өзгөртүлгөн

21 Бирдин айы 2018 21:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.18.Govori.TV
Казакстанда кармалган депутаттын туулган жылы, аты, фамилиясынан бери өзгөртүлгөн. Бүгүн айрым сайттар Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экендигин жазышкан.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов твиттерде депутаттын өтмүшү тууралуу өтө кызыктуу жагдайларды ачыктады. Асылбек уулу Дамирбек азыркы биографиясында жазылгандай 1981-жылкы эмес 1979-жылы туулган. Фамилиясы Супатаев аты Динарбек болгон. Депутатты учурда да эч ким Дамирбек деп айтпасы, бардыгы Динарбек деп айтарын тааныштары билдирди. 1979-жылы туулган Динарбек Супатаев 1997-жылы Асылбек уулу Дамирбек болуп өзгөргөн. Аты-жөнү гана эмес туулган жылы да өзгөрүп, 2 жылга кичирейтилип 1981-жылкы деп паспорт жасалып берилген. 18 жаштагы жаш бала аты-жөнүн, жылын кантип алмаштырды деп жатасызбы? Көрсө 1997-жылы 16 жашка чейинки кадеттер арасында дүйнө чемпионаты өткөн. 1979-жылы туулган Динарбек Супатаевди 1981-жылы туулган Асылбек уулу Дамирбек кылып дүйнөлүк чемпионатка жөнөтүшөт.
Ошентип 1979-жылкы Динарбек Супатаевден 1981-жылкы Асылбек уулу Дамирбекке айланган болочоктогу эки жолку депутат 2001-2004-жылдары Казакстанда машыгып, Казакстандын желеги астында турнирлерге чыга баштаган. Асылбек уулу Дамирбек 2001-жылы Казакстандын атынан Азия оюндарына катышып күмүш медаль уткан.

К-ньюс сайты өздүк булактарына таянуу менен Асылбек уулу Дамирбек 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин казак жарандыгын алгандыгын жазып чыкты. Кыргызстандыктарга депутат Асылбек уулу Дамирбек деп таанылган , ал эми туугандарына, балбандарга, кесиптештерине болсо жөн гана Динарбек болгон депутаттын чын эле казак жарандыгы барбы-жокпу Казакстандын расмий жообунан кийин гана белгилүү болот болуп калды.

 

Количество просмотров: 8