Казакстанда кармалды делген кыргызстандык жаран – белгилүү музыкант Викрам Рузахунов. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазды.
Буга чейин Казакстандын күч органдары Кыргызстандын жараны делген адамдын видеосун жарыялаган. Видеодогу адам Алматыга митингге катышуу үчүн барганын, ал үчүн 90 миң теңге алмак экенин билдирген.
Кыргызстандагы социалдык тармактын колдонуучулары видеодогу адам музыкант Викрам Рузахунова экенин, ал байма-бай Казакстанга гастролдоп турарын жазышты.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда аталган окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.