Бишкек.02.08.2019.Govori.TV.
Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда катталаган жол кырсыгында кыргызстандык 5 жаран каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Батыш Европа — Батыш Кытай жолунда кечээ катталып, жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышкан.
“Бүгүнкү күндө «КамАЗдын” айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча ал жеңил унаага жол бошоткон эмес. Эгер анын айыбы далилденсе, ал 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Сотко чейинки иштер жүргүзүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.