• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда коронавирустан дагы бир адам көз жумду

31 Жалган куран 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус илдетине чалдыккан 50 жаштагы бейтап каза болгондугу тууралуу «Zakon.kz» басылмасы жазды.

«Маркум бир айдан бери ооруп келген. Бирок дарыгерлерге кайрылган эмес. Анын жумушу иш сапарлар менен байланыштуу болгон. Аны менен байланышкан 31 адам жана кесиптештери ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк үй-бүлө мүчөлөрүнөн эки адам дагы коронавирус жуктурганы аныкталган болчу», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстанда коронавирустан алгачкы жолу бейтап 26-мартта каза болгон.

Количество просмотров: 213