• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024
An official in protective suits ensures the temperature of the foreign passengers disembarked from the quarantined Diamond Princess cruise ship before boarding to buses at a port in Yokohama, near Tokyo, Friday, Feb. 21, 2020. Passengers tested negative for COVID-19 started disembarking since Wednesday. (AP Photo/Eugene Hoshiko)

Казакстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

4 Чын куран 2020 15:44 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жугузуп алган адам Түркстан облусунун Жетисай районунун тургуну болгон.

Аталган облустун Саламаттык сактоо башкармалыгы 1956-жылы туулган пенсионер Алматы шаарына жана Алматы облусунда бир айга жакын жүргөнүн кабарлады. Маркум үйүнө 15-мартта кайтып келген.

«26-мартта ал өзүн жаман сезе баштаган. Дене табы көтөрүлгөн. Бирок Алматыдан келгенин жашырып айткан эмес. Дарыгерлер анын коронавирус жугузуп алганын тест аркылуу аныкташкан. 29-мартта ал ооруканага жаткырылган. Өпкөсү кагынып, дем алуу органдары жабыркаган. Мындан тышкары өнөкөт кант диабети да болгон. Бардык анализдер алынып, дарыланып жаткан. Тилекке каршы, абалы начарлап бүгүн эртең менен каза тапты», — деп билдирди 4-апрелде Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгы.

Маалыматта анын 25 адам менен өтө жакын байланышта болгону айтылат. Мындан тышкары ага жолуккан 40 адам аныкталган.

Казакстандын бул облусунда коронавирус 23 адамга жуккан. Булардын баары бири-бири менен байланышта болгону айтылууда.

Казакстанда COVID-19дун биринчи курмандыгы 64 жаштагы аял болгон. Акмоло облусунун тургуну 26-мартта Нур-Султандын ооруканасында жан берген. Казак бийлиги 31-мартта «бир айдай ооруп жаткан» 50 жаштагы эркек, 1-апрелде Караганданын 62 жаштагы тургуну каза тапканын кабарлаган.

Количество просмотров: 312