• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды

26 Жалган куран 2020 21:11 Бишкек Govori.TV

Казакстанда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевге шилтеме берүү менен билдирди.

Д.Абаевдин айтымына караганда, эртеӊ 27-мартта Нур-Султан шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгы каза болгон жаран тууралуу толук маалымат берет.

Бүгүн, 26-мартта саат 16:20га карата Казакстанда дагы 12 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.

Алматы шаарында 6, Нур-Султанда жаңы 6 учур катталган. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109 адамга жетти.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 555