Нур-Султан менен Алматыда мыйзамсыз негизде митинг өткөрүүгө аракет жасаган 26 жаран кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда, Нур-Султан менен Алматы шаарларында мыйзамсыз митингдерди өткөрүү аракети болгон. Ал эми Профилдик ведомство жарандарды провокацияга алдырбоого жана экстремисттик уюмдардын акцияларына катышуудан баш тартууга чакырган.
Башкы прокуратуранын көп жолку эскертүүлөрүнө карабастан кээ бир жарандар мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартышты. Учурда полицияга 26 киши алып келинди. Аларга административдик чара көрүлөт, — деп айтылат маалыматта.