Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоонун мөөнөтүнөн мурда, 9-июнда өтө турганын жарыялады.
Өлкө башчы бул тууралуу элге кайрылып жатканда айткан. Кайрылууну жергиликтүү телеканалдар көрсөттү.
«Мен Элбашы Нурсултан Назарбаев менен кеңештим, өкмөт башчылар, парламент төрагалары, Конституциялык кеңеш жана партиялардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Бул өтө маанилүү кадам. Президенттик шайлоону 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүү чечимин кабыл алдым. Президенттик шайлоо ачык жана таза өтөт», — деди Токаев.
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбюаев отставкасын жарыялагандан кийин өлкө башчы болгон.