• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Казакстанда өрттү өчүрүү учурунда үч киши каза тапты

6 Баш оона 201916:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.

Казакстандын Алматы облусунда тоодогу өрттү өчүрүү учурунда эки жергиликтүү тургун жана бир токойчу каза болуп, жети киши жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, тоодогу өрт кургак чөптөн улам башталып, каза тапкандар Панфилов районунун Талдын айыл округундагы өрттү өчүрүүгө жардам берип жүрүшкөн.

Учурда аны өчүрүүгө атайын техника жана тик учак да тартылган.

Количество просмотров: 14