• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өткөрүүнү пландаган журналист камалды

22 Жалган куран 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Алматыда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес экенин билдирген журналист Думан Мухаметкарим 25 суткага камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов Facebook баракчасына жазды.

Адвокаттын айтымында, Мухаметкарим «Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси боюнча айыпталган.

Бийлик азырынча журналисттин камакка алынышы боюнча комментарий бере элек.

Думан Мухаметкарим 20-мартта Алматыда өткөн басма сөз жыйынында шайлоонун жыйынтыктары менен макул эмес экенин билдирип, жарандарды тынч митингге чыгууга үндөгөн. Көп өтпөй YouTube’га анын 21-мартта Алматынын борбордук аянтында митинг өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу кайрылуусу жарыяланган.

Өткөн жылы октябрда Конаев шаарындагы административдик сот Мухаметкаримди «Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Анда буга журналисттин жарандарды митингге чыгууга үндөгөнү себеп болгону айтылган.

19-мартта Казакстанда парламент мажилиси жана бардык деңгээлдеги маслихаттарга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, партиялык тизме боюнча шайлоодо бийликтин партиясы мажилисте көпчүлүк орунга ээ болду. Мындан тышкары партиянын мүчөлөрү бир мандаттуу 29 округда да алдыда болгону кабарланды.

ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун миссиясы эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын ишине киргизилген чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, добуштарды эсептөөдө «олуттуу процедуралык каталар менен кемчиликтерге жол берилип, протоколдорду салыштырып текшерүү процедурасы аткарылбаганын» белгиледи.

Количество просмотров: 50