• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Казакстанда «Шал, кет!» деп кыйкырган жаран 9 айга соттолду

28 Теке 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Январь окуясынан кийин кармалып, абакта кыйноого алынганын айткан Алматы шаарынын тургуну Адлет Мусинди сот тогуз айга эркинен ажыратты.

Ал сот залында камакка алынды. Өкүмгө ылайык, Мусин жазасын орто режимдеги колонияда өтөөсү керек.

Алматы шаарынын 38 жаштагы тургуну 2022-жылдын январында «жапырт баш аламандыкка катышкан» деген айып менен кармалган. Сотто ал өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

Мамлекеттик айыптоочу Мусинди бир жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Прокурор анын күнөөсү видеотасмалар жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденгенин жүйө келтирди. Күбөлөрдүн бири ал таш ыргытканын билдирген. Айыпталуучунун адвокаттары бул сөздөрдүн далили жок экенин белгилешти.

Сотто жактоочу тарап Мусинди «Шал, кет!» деп кыйкырганы үчүн гана соттоп жатышканын билдирди. Кылмыш ишин козгоого 2022-жылдын январь айында тартылган видео себеп болгон. Мусин январдагы нааразылыкта «Шал, кет!» деп кыйкырып турган.

Мусин тергөө абагында беш айга жакын отурду. Ноябрда эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Тергөө абагында отурган убактысын эске алганда Мусин колонияда эки айга жакын болот. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Адлет Мусиндин туугандарынын айтымында, ал былтыр 5-январга караган түнү Алматыдагы аянтта болуп, андан соң үйүнө кайтып келген. Күч органдары аны «жапырт баш аламандыкка катышкан» деп айыптаган.

Сентябрь айында Адлет Мусиндин апасы Бахыт Искакова уулу абакта сабалып, кыйноого кабылганын айтып, арыз менен кайрылган. Медициналык экспертизада анын денеси көгөла болгону аныкталган. Мусиндин жакындары арыз боюнча тергөө иштери жүрбөй жатканын айтышкан.

Количество просмотров: 122