• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда Сириядан кайткан жарандардын соту башталды

22 Тогуздун айы 2019 17:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Нур-Султан шаарында 22-октябрда Сириядан кайтып келгенден кийин террорчулукка байланыштуу камакка алынган 14 адамдын соту башталды. Сот Промзон районундагы тергөө абагында өтүп жатат.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети бул иш боюнча тергөө аяктаганын билдирген. Тергөө материалдарында бул 14 адам Казакстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» террордук топтун мүчөсү болгон деп жазылган.

Ушул жылдын башында казак бийлиги Сириядагы жарандарын кайтаруу операциясын баштаган. Бул өлкөдөн алып келинген ондогон адамга «террорчулук» айыбы менен кылмыш иштери козголгон жана бүгүнкү күнгө карата 10 эркек, беш аял сот өкүмү менен ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Коопсуздук комитетинин соңку маалыматына ылайык, «Жусан» операциясынын алкагында Сириядан баш-аягы 595 жаран кайтарылган, алардын 400дөн ашыгы балдар.

Жалпысынанн Сирия менен Иракка 800дөй казак жараны кеткени айтылган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 15