Казакстанда соттолгон ЖКнын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Govori.TVга тастыктады.
“Дамирбек Асылбек уулу жана дагы эки жаран алынып келинди. Учурда СИЗО-1де. Бул жаткын Жогорку соту эки өлкөнүн ортосундагы мыйзамдардын айырмачылыгын карап чыккан соң, анын кайсы мекемеде жаза өтөрү аныкталат”, – деди катчы.
Эске салсак, экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.
Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан.
Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.
37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган болчу.