Алматы облусуна караштуу Конаев шаарынын административдик соту казакстандык журналист, “Не дейді” youtube-каналынын автору Думан Мухаметкаримди 15 суткага камоо жөнүндө токтом чыгарды.
12-октябрда сот аны “Тынч жыйындарды өткөрүү жөнүндө мыйзамды бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
— Алар [полициячылар] чакырык таштаганым үчүн деп айтып жатышат. Бирок 488-беренеде “чакырык” деген түшүнүк жок. Думан митинг болушу керек деп гана айткан. Бул жөн гана сунуш, орундалган иш-аракет эмес. Алар аны планы үчүн гана камап ташташты, — деди журналисттин адвокаты Галым Нурпеисов.
Ал соттун чечими менен макул эместигин билдирип, даттанууга ниеттенип жатканын айтты.
12-октябрь күнү күндүз Думан Мухаметкарим соцтармактарга анын үйүнө полициячылар келген учур тартылган видеону жайгаштырган. Журналист тартип сакчылары ал мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы 25-октябрда митингге чыгуу планы жөнүндө айтканы үчүн келишкен болушу ыктымал экенин кабарлаган.
Думан Мухаметкарим Январь окуяларын жана ага байланыштуу өтүп жаткан сот жараяндарын активдүү түрдө чагылдырып келген.