• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстанда Январь окуясында кармалгандарга кыйноо колдонгон полициячылар соттолду

20 Жалган куран 20248:28 Бишкек Govori.TV

Алматынын Алмалы райондук соту 2022-жылдын январь айындагы нааразылык акциясында кармалгандарды кыйноого алган үч аймактык полиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу шаардык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө учурунда 2022-жылдын 9-январында Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген үч кишини полиция кызматкерлери кыйноого алынганы далилденген.

«Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында үч жабырлануучу физикалык жактан жабыркаган», — деп айтылат билдирүүдө.

Соттолгон тартип сакчылары атайын наамдарынан жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.

Бир нече күн мурун Талдыкорган соту үч аймактык полиция кызматкерин 4 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алар да январь айындагы нааразылык акциясында кармалгандарга карата кыйноолорду колдонгон деп табылган.

Количество просмотров: 65