• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Казакстанда жөө жүрүш учурунда ондогон кишилер кармалды

17 Бештин айы 20199:04 Бишкек Govori.TV

16-декабрда Нур-Султандын борборунда өткөн жөө жүрүш полиция тарабынан токтотулду. Казакстан президентинин администрациясынын имаратын көздөй бараткан кишилер кармалды.

Жүрүштүн айрым катышуучулары «Саясий туткундарга эркиндик!», «Боштондук!» деп кыйкырып турушту.

Анын алдында митингге чыккандар Кытайдын Казакстандагы элчилигинин алдынан өтүүгө үлгүрүштү.

Алматыда да жөө жүрүшкө чыккандар кууп таркатылды. Айрым маалыматтар боюнча бул калаада 40тан кем эмес киши кармалды.

16-декабрда Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиледи. Бул дата 33 жыл мурда Алматыдагы массалык демонстрациялар өткөн күнгө туура келет. Анда казак жаштары Советтик Казакстандын башчысы катары Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан. Мындан тышкары дал ушул күнү, 2011-жылы Жаңы-Өзөн шаарында кандуу окуя болгон. Анда мунайчылардын нааразылыгы күч менен басылып, расмий маалыматтар боюнча 17 адам өлгөн.

Количество просмотров: 104