• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда жоголгон журналисттин сөөгү табылды

22 Тогуздун айы 2018 14:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV

Алматыда жергиликтүү телеканалдардын биринин 21 жаштагы журналисти Айгерим Мусаеванын сөөгү табылды. Шаардык ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, журналист болжол менен тепловоздун алдында калып каза болгон.

Эске салсак, 19-октябрда Алматы ички иштер департаментине үй-бүлөлүк чатактан кийин үйдөн чыгып кеткен 1991-жылы туулган жубайы Айгерим Мусаева дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

Тартип сакчыларынын маалыматына караганда, журналисттин сөөгү 20-октябрга караган түнү магистралдын темир жолунда табылган.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул окуя боюнча транспорттук полиция текшерүү иштерин баштады.

Количество просмотров: 21