• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Казакстанда жол кырсыгы катталып, 2 унаа өрттөнүп кетти

30 Үчтүн айы 201816:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2018.Govori.TV

Алматыда жаңы бетон жолунда  жеңил унаа менен фуранын күйүп жаткандыгын күбөлөр тартып алгандыгын Tengrinews.kz.сайты жазды.

 Аталган  окуя Алматы Чилик ортосундагы жолдо болгон. Видеодон  оор жүк ташуучу унаанын арткы жагы күйүп жатканын, ал эми жеңил машинанын  толугу менен күйүп кеткендигин көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, аталган кырсык 28-январда болгон.  Күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаанын айдоочусу каза болгон.  Алматы облусунун прокуратурасы кырсык эмнеден келип чыкканын маалымдай элек. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Количество просмотров: 23