• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Казакстанда жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза болду

17 Үчтүн айы 202014:14 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Актөбө облусунун Самара—Шымкент унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 4 жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгон жарандар — 1991-жылы туулган К.А., 1993-жылы туулган К.А., 1995-жылы туулган К.М., 2001-жылы туулган А.М. Ошондой эле Кыргызстандын 1997-жылы туулган жараны К.Г. жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

«Маркумдардын денеси Иргиз райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди. Учурда жол кырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жабырлануучуга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгондордун туугандарына жол кырсык тууралуу кабарланды. Элчилик сөөктөрдү («Жүк-200») Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кечээ, 16-январда Казакстандын Актөбө облусунун Иргиз айылына жакын жерде кыргызстандык жарандар жол кырсыкка кабылганы маалым болгон.

Количество просмотров: 176