Казакстанда полиция журналист Думан Мухаметкаримди кайра камакка алды. Бул тууралуу 28-майда «Азаттыктын» казак кызматына адвокат Галым Нурпейисов билдирди. Ал “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузууга” айыпталууда.
Сот аны 25 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.
«Ютубдагы» ND каналынын автору Думан Мухаметкарим «тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду» деген айып менен мурда да эки жолу 25 суткага камакка алынган. Акыркы жолу оппозициянын 1-майга белгиленген митингинин алдында камалган. Ал эки күн мурун бошотулган.
Буга чейин анын жактоочусу Галым Нурпеисов Думан Мухаметкаримге «Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Казакстанда укук коргоочулар бийликти тынч жыйын өткөрүүнү жана оюн ачык айтууну каалагандарды куугунтуктап жатканын сынга алып келишет. Расмий Астана өлкөдө саясий куугунтук бар экенин четке кагып келет.