• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандагы жарылуу: Бишкек-Москва каттамындагы поезд артка кайтып келди

24 Кулжа 2019 22:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарынын аймагындагы аскер бөлүктө жарылуу болду. Окуя бүгүн, 24-июнда катталган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ал эми Кыргызстандан жолго чыккан Бишкек-Москва темир жол каттамындагы поезди кайра артка келгени тууралуу маалымат тарады.

Айрым маалыматтарга ылайык Казакстан өткөрбөй койгон. Учурда поезддин кайтып келүү себептери такталууда.

Эске салсак, Арыс шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланып, жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү иштери улантылып жатат. Адамдарды эвакуациялоо үчүн 56 автобус жөнөтүлдү. Ондон ашык адам ооруканага кайрылышкан.

Количество просмотров: 18