• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандагы жарылууда жаракат алгандардын азыркы абалы айтылды

25 Кулжа 2019 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Арыстагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жаракат алган 15 адам Чымкент облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын билдирди. Алардын экөө балдар экенин, тогуз адамдын абалы оор болгонун айтты.

Биртановдун маалыматына караганда, жалпысынан дарыгерлерге 160тан ашык адам кайрылган, алардын 76сы ооруканага жаткырылган.

Жарылууда жарадар болгон эки жаран каза болгону, бири жай тургун экени, анын автоунаасына снаряд тийгени, экинчиси аскер адамы экени маалым болгон.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин айтымында, шаардагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлдү.

Ок-дары сакталган кампадагы жарылуунун себепби азыркыга чейин белгисиз.


Количество просмотров: 5