Жогорку сот Казакстанда соттолуп ЖКнын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуну ишин карап чыгып, Асылбек уулу Казакстандагыдай эле 10 жыл абакта олтурат деген чечим кабыл алды.
Жогорку Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, экс-депутатка Казакстанда чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.
Белгилүү болгондой, Дамирбек Асылбек уулу жана дагы эки кыргыз жараны кечээ Казакстандан алынып келинген.
Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан.
Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.
37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган болчу.